• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Ош шаарында апрель айы боюнча салыктын аткарылышы 37%ды түздү - вице-мэр

Аймак 0

Бишкек, 12.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош шаарында апрель айы боюнча салыктын аткарылышы 37%ды түздү. Бул тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри, жарандык коргонуу штабынын башчысы Саибжан Турдуев брифингде билдирди.

Анын айтымында, карантин, өзгөчө абал режиминен улам Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине каражаттын түшүшү кескин түрдө төмөндөп кеткен.

"Алсак, апрель айында салыктын аткарылышы 37%ды түздү. Бул айда 102,2 млн сом пландалса, казынага 37,7 млн сом келип түштү. Мындан улам патент менен иштегендерге уруксат берип жатабыз. Салыктын эсебинен шаардык бюджет толтурулат", - дейт ал.

Эске сала кетсек, айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими 10-май саат 24.00дө аяктап, коменданттык саат жокко чыгарылды. Ал эми 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими улана берет.

Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт. Ошол эле учурда Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районун Каныш-Кыя айыл аймагында эпидемиологиялык кырдаалдын оордугуна байланыштуу карантин киргизилди.

Андан тышкары, бүгүндөн тарта экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун экинчи баскычы ишке киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий