• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Тажикстандын кол салуусу. Баткенде 30 үй колдонууга берилип, президент 100 миң сомдон тапшырды

Аймак 0


Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркаган үйлөрдүн курулушу кызуу жүрүүдө.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазгандай, бүгүн, 18-январда 30 үй колдонууга берилди, жалпы 45 үй толук бүткөрүлгөн.

"Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулушу аяктаган үйлөрдүн ээлерине президент Садыр Жапаровдун атынан 100 миң сомдон тапшырды. Калган үйлөрдүн алды аяктоо алдында, бүтө электеринин 80-90% жумуштары аткарылган. Турак жайлардын жумуштарын мартта толук бүткөрүп, ээлерине өткөрүү тапшырмасы коюлду", - деди ал.

Орунбеков алдыңкы 10 күн ичинде дагы 30га жакын үйдүн курулушу аягына чыга тургандыгын кошумчалады.

Эске салсак, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставаларына жана калктуу конуштарына куралдуу кол салган.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунун кесепетинен, КР Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча, 63 адам курман болуп, 198 адам жабыркаган. Ошондой эле турак жайлар, социалдык объектилер талкаланган.

Пикир

Оставить комментарий