• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарынга президент тарабынан даректелген коргоочу кийимдер жана дары-дармектер жеткирилди

Аймак 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Нарынга президент тарабынан даректелген коргоочу кийимдер жана дары-дармектер жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, медкаражаттарды Нарын облусунун башчысы Эмилбек Алымкулов тапшырып, дары-дармектер бейтаптарга шыпаасын берип тезирээк сакайып кетүүсүн тилек кылды.

Президент тарабынан даректелген 1400 даана коргонуучу кийимдер жана көз айнектер, ошондой эле “Гепарин” дарысы комиссия тарабынан райондорго бөлүштүрүлүп берилмекчи.

Эске салсак, буга чейин өкмөт тарабынан Нарын облусуна бир реанимобилдик тез жардам автоунаасы, 50 кычкылтек концентратору жана 80 даана өпкөнүн сатурациясын өлчөй турган пульсоксиметр аппараты берилген.

Пикир

Оставить комментарий