• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чек ара, жер, суу, аткезчилик. Баткен районунун эли бийлик өкүлдөрүнө көйгөйлөрүн айтышты

Аймак 0

Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 5-сентябрда Баткен районунда КР президентинин тапшырмасы менен бийлик өкүлдөрүнүн эл менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов катышып, ага 500 чукул жергиликтүү жашоочулар чогулушту.

Жолугушууда Баткен районунун жергиликтүү тургундары тарабынан көптөн бери чечилбей келген чек арага чектеш аймактардагы айылдардагы жаралган көйгөйлөр көтөрүлүп, жер, суу, аткезчилик, жөлөк пул маселелери айтылып, бийлик өкүлдөрүнөн өз көзөмөлдөрүнө алып, чечип берүүлөрүн суранышты. Жалган маалымат тараткандардын дагы жоопкеричилигин кароо сунушу да айтылды.

Ошондой эле жарандар милиция, сот, прокуратуранын ишмердүүлүгүнө да токтолушуп, кылмыш иштеринин убактыларынын созулушу, кылмыш иштеринин калыс тергелбей калышы жөнүндө айтышты.

Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү боюнча суроолорго Адылбек Бийбосунов жооп берип, милиция кызматкерлерине тиешелүү маселелер кайрадан териштириле турганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий