• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Ош шаарында аткезчилик дары-дармекти сатуу каналына бөгөт коюлду – УКМК

Коом 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Ош шаарында аткезчилик дары-дармекти сатуу каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Ыкчам маалыматтарга ылайык, Ош шаарынын тургуну С.Н.Н. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыздандыруу департаментинин кызмат адамдары менен ич ара сүйлөшүп алып, Ош облусу жана Ош шаарынын аймагында контрабандалык жол менен алынып келинген дары-дармектерди сатуу каналын уюштурган.

Тактап айтканда, С.Н.Н. жүк ташуучу компаниялардын кызматы аркылуу бир тууган агасы А.С.Н.нын атына катталган "Фарм Юг" ЖЧКсына дары-дармек препараттарына заказ берген.

Буга байланыштуу УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы, Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыздандыруу департаментинин борбордук аппараты тарабынан "Фарм ЮГ" ЖЧКсынын ишмердигин текшерүү, ошондой эле салыктык текшерүү дайындалды.

Азыркы учурда тергөө тапшырмасынын негизинде Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек департаментинин кызматкерлери менен биргеликте "Фарм Юг" ЖЧКсынын тиешелүү дары-дармек каражаттарынын кампа имаратында жана 8 дарыкана пункттарында текшерүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасына контрабандалык жол менен алынып келинген 150 аталыштагы медициналык препараттардын үлгүсү аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий