• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Ош шаарында бокс боюнча Кыргызстандын биринчилиги башталды

Спорт 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Ош шаарынын бокс жана оор атлетика мектебинде бокс боюнча 2005-2006-жылдарда төрөлгөн улан-кыздар арасында Кыргызстандын биринчилиги башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызмты билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын расмий бөлүгүнө Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов, эл аралык даражадагы калыстар тобу жана спортчулар катышты.

Вице-мэр Эмил Шадыханов жалпы боксчуларга ийгилик каалап, күчтүүлөр жеңсин деген каалоосун айтты. Ошондой эле билеги күчтүү спортчулар башка мамлекетке барып Кыргызстандын желегин желбиретип, намыска жарап жүрө бергиле деп кошумчалады.

Бокс боюнча биринчиликке Кыргызстандын 7 облус, эки шаарынан 300гө жакын спортчулар келген.

Спорттук мелдеш 27-мартка чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий