• 87
  • 90.63
  • 0.79

Ош шаарында боордош Санкт-Петербург шаарынын күндөрү башталды

Аймак 0

Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Россиянын Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар комитетинин төрагасынын орун басары Евгений Кассюра баштаган делегациянын өкүлдөрү менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушуунун алкагында 20 жылдык боордоштук мамилелердин маанилүүлүгү белгиленип, маданият, билим берүү, экономика, туризм, санариптештирүү жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жыл сайын өтүүчү «Алые паруса» майрамдык иш-чарасына Ош шаарындагы бүтүрүүчү класстардын эң мыкты окуучуларын катышуусу сунушталды.

Соңунда Санкт-Петербург шаары менен Ош шаарынын ортосундагы 2024-2028-жылдарга карата соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий чөйрөдөгү кызматташтык боюнча программасына кол коюлду.

Аталган программада транспорт, коммуналдык кызмат, санариптештирүү, социалдык саясат, саламаттыкты сактоо, маданият, илим, билим берүү, жаштар саясаты, спорт, туризм жана башка багыттардагы эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү каралган.

Белгилей кетсек, Ош шаарында Санкт-Петербургдун күндөрү өтүүдө. Анын алкагында эртең да бир катар маданий иш-чаралар өтөт.

Пикир

Оставить комментарий