• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ош шаарында чачкынды сооданы жоюу боюнча рейддер өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.12.22. /Кабар/. Ош шаарында чачкынды сооданы жоюу боюнча рейддер өтүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 17-декабрда вице-мэр Жасур Азимов жетектеген Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлеринен, муниципалдык менчик башкармалыгынын, укук коргоо органдарынын, Манас-Ата, Курманжан-Датка МАБдарынын, шаардык жолдор башкармалыгынын, экология жана көзөмөлдөө кызматтарынын жетекчилеринен жана өкүлдөрүнөн турган комиссия тротуарларда, А.Навои атындагы көпүрөнүн астында башаламан соодага бөгөт коюу максатында рейдге чыгышты.

Рейддин жүрүшүндө базардагы жана ага жакын жолдордогу абалга өзгөчө көңүл бурулуп, чачкынды сооданы жоюу боюнча соодагерлерге тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Өрткө каршы атайын техникалардын борбордук базарга жетүүсүнө тоскоолдуктар жаралбашы керектиги эскертилди.

Жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы менен тиешелүү кызматтарга тротуарларда жана базардын жанындагы А.Навои көпүрөсүнүн астында башаламан сооданын пайда болушуна жол бербөө боюнча иштерди күчөтүү тапшырмалары берилди.

Көпүрөнүн астындагы аймакка жакын жайгашкан жерлерге бетон блоктору коюлду. “Ош-Тазалык” ишканасынын кызматкерлери чачкынды соода түйүндөрүн демонтаждоодон кийин көпүрөнүн астындагы таштандыларды чыгарышты.

Мындай рейддик иш-чаралар мындан ары да улантылат.

Пикир

Оставить комментарий