Ош шаарында калк арасында синтетикалык баңгизатка каршы күрөш күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 01.08.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында синтетикалык баңгизаттарга жана дарыкана баңгилигин калк арасында жайылышын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү максатында жыйын өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башчысы Абдисамат Пусурманкулов, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын, дары-дармек менен камсыздоо департаментинин жетекчилери, казыяттын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын алкагында А. Пусурманкулов калк арасында дарыкана баңгилигинин жана синтетикалык баңгизаттардын жайылышын алдын алуу иштери боюнча маалымат берди.

Маалымдалгандай, 2023-жылдын алты айында КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бирдиктүү реестрге 112 баңги кылмышы катталган. Жыл башынан бери мыйзамсыз жүгүртүүдөн 1824 кг 919 грамм баңги заты алынган.

Мындан тышкары, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан социалдык тармактар аркылуу сатууга даярдалып жаткан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 кг 852 грамм салмактагы синтетикалык баңгизаттар алынган.

Жыйындын соңунда тиешелүү кызматтарга баңгизаттардын жайылышын алдын алуу боюнча кызматташууну жакшыртуу боюнча бир катар сунуштар жана демилгелер айтылып, тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий