Ош шаарында каналга түшүп кеткен жаран изделүүдө

Кырсык 0


Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. Ош шаарында каналга түшүп кеткен жаран изделүүдө. БУл тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, "112" кызматына шаардын К.Исаков көчөсүндөгү каналга белгисиз адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине издеп-куткаруу иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 20, Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий