• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Санкт-Петербургдан Ошко учуп бараткан учак аргасыздан Казанга конду

Кырсык 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. Кечээ Россиянын Санкт-Петербург шаарынан Ошко учкан учак аргасыздан Казанга конгон. Бул тууралуу россиялык ЖМКлар жазышты.

Маалыматка ылайык, бул жүргүнчү ташуучу учак болгон, ал Питерден Ошко учуп бара жаткан, бирок жүргүнчүлөрдүн биринин абалы начарлаганына байланыштуу аргасыздан Казань аэропортуна конгон.

“Жүргүнчү Казань шаардык ооруканасына жаткырылды”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий