• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ошто мас абалында эски таанышын өлтүргөн 48 жаштагы киши колго түштү

Кырсык 0

Бишкек, 26.12.20. /Кабар/. Ошто мас абалында эски таанышын өлтүргөн 48 жаштагы киши колго түштү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча патрулдук милиция кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 25-декабрь күнү саат 23.30 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча патрулдук милиция кызматы чакыруу боюнча Ош шаарынын Ашымахунова көчөсүнө барып, денесинде жарааты бар адамдын жолдо жатканын көрүшкөн. Жабыркаган жаран Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болуп калган.

"Маркумдун өздүгү такталган, ал Араван районунан караштуу Чек-Абад айылынын 1970-жылы туулган М.В. аттуу жашоочусу болуп чыкты. Окуя болгон жерге тез арада башкармалыктын ыкчам тергөө тобу чакыртылып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлгөн. Териштирүүнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү делип 1972-жылкы Н.Т. аттуу киши колго түштү", - деп айтылат маалыматта.

Милициянын билдирүүсүнө караганда, шектүү жасаган кылмышын моюнга алган.

"Маркум менен шектүү эски тааныштардан болгон. Арак ичип отуруп, араздаша кетишкен. Шектүү маркумду уруп, эшикке түртүр чыгарган. Тепкичтен кулап кеткен маркумду шектүү көчөгө сүйрөп барып таштаган", - деп кошумчалашты милициядан.

Учурда кылмышка шектүү Н.Т. аттуу Ош шаарынын тургуну убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий