• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Ош шаарында Карылардын эл аралык күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 01.10.24. /Кабар/. Ош шаарында муктаж болгон карыларга ар тараптуу жардамдар көрсөтүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү "Боорукердик" үйүндө жашаган улгайган жарандардан кабар алып, азык-түлүк жана белектерди тапшырды.

Ошондой эле ОшМУнун медициналык факультетинин студенттери тарабынан акысыз медициналык кароо уюштурулду.

Мындан тышкары, жалгыз бой, аз камсыз болгон жана социалдык жактан аялуу катмарынан (Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турган) 230 улгайган жаранга майрамдык концерттик программа тартууланып, сый-тамак берилди.

Айта кетсек, мындай иш-чаралар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, улгайган, жалгыз бой карыларга колдоо көрсөтүү максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий