• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Ош шаарында Кинологиялык борбордун курулушуна капсула салынды

Аймак 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Ош шаарындагы 2024 аскер бөлүгүнүн базасында Чек ара кызматынын Кинологиялык борборунун имаратынын пайдубалына капсула салынды.

УКМКдан билдиришкендей, жаңы Кинологиялык борбор Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун (ЕККУ) кеңселик программасынын бюджеттен тышкаркы долбоорунун жана Чек ара кызматынын эл аралык өнөктөштөрүнүн колдоосу менен курулат.

Кинологиялык борбордо кинологдор үчүн казарма жана окуу класстары, вольерлер, тоскоолдуктар тилкеси, ошондой эле кызматтык иттер үчүн төлдөө жана ветеринардык блоктор жайгашмакчы.

Мындан тышкары, борбордо кызматтык иттер менен машыгуу жана практикалык сабактарды өтүү үчүн атайын жайлар салынат.

Белгиленгендей, эл аралык стандартка туура келе турган жаңы имаратка 72 ит батат. Кинологиялык борбордун курулушунун долбоору 1 млн еврого бааланган.

Пикир

Оставить комментарий