• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде элге үрп-адаттардын ысырапкерчилиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Баткенде элге үрп-адаттардын ысырапкерчилиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Бужум, Кара-Бак айылдарында Баткен РИИБнин башчысы Алмазбек Шагамурзаев айыл башчылары менен биргеликте жергиликтүү тургундарга президент Садыр Жапаровдун кыргыз элинин каада-салттарын карманууда ысырапкерчиликке жол бербөө багытында чыккан жарлыгын жеткирип, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

“Эл менен жолугушууда элдин социалдык жана экономикалык деңгээлин көтөрүү максатында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча түшүнүктөрдү берип, куру намыс үчүн материалдык жактан эбегейсиз чыгымдарга учурап жаткандыктары талкууланды”, - деп айтылат маалыматта.

Элет жергеси бул жарлыкты колдоорун, заманга жараша, шартка жараша сарамжалдуулукту, үнөмдөөнү үйрөнүү керек экендигин билдирип өтүштү.

Пикир

Оставить комментарий