• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Москва районунда рейддин жүрүшүндө түнкүсүн чоңдордун коштоосу жок жүргөн 2 өспүрүм аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан кылмыштуулукту жана башка тартип бузууларды алын алуу максатында рейд иш-чаралары байма-бай өткөрүлүүдө.

Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту жана башка тартип бузууларды болтурбоо максатында 2022-жылдын 24-25-февраль күндөрү “Өспүрүм-Түн” аталышындагы алдын алуу рейд иш-чарасы болуп өттү.

Рейд учурунда коомдук жайлар, кафе-ресторандар, компьютердик клубдар, парк жана башка көңүл ачуучу жайларда текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Түнкүсүн ата-энесинин жана башка жакындарынын коштоосу жок жүргөн 2 өспүрүм бала аныкталып, Москва РИИБне жеткирилип, алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Андан сырткары, буга чейин ички иштер органдарынын каттосунда турган 14 өспүрүм менен алдын алуу иштери жүргүзүлүп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр текшерилди.

Рейд иш-чарасынын жыйынтыгында Москва РИИБнин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан 8 материал балдар иштери боюнча комиссияга жөнөтүлгөн.

Иш-чара учурунда милиция кызматкерлери тарабынан 1 жаш өспүрүм алдын алуу боюнча каттоого алынып, аз камсыз болгон 1 үй-бүлө аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий