• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Каракол шаары — КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору. Иш-чаралар планы талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. 2022-жылы Каракол шаары — КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору болуп жарыяланганына байланыштуу эл аралык деңгээлде өтө турган иш-чаралар планы талкууланды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Ысык-Көл облусунун башчысы Алтынбек Сулайманов, анын биринчи орун басары Улан Далиев, орун басары Айнура Султанбаева, Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев жана башкалар катышты.

"Июль айында Каракол шаарынын бай тарыхын жана маданиятын толук ачып берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ага КМШ өлкөлөрүнөн келген коноктор катышмакчы", - деп айтылат маалыматта

Белгилей кетсек, “Шериктештиктин маданий борбору” эл аралык программасы КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда 2011-жылдан бери ишке ашып келет. Аны алуу үчүн мүчө мамлекеттер жыл сайын талапкер катары өз шаарларын сунуштап, өлкө башчылар жыйынында чечим кабыл алынат.

Негизги максат — шериктеш мамлекеттердин шаарларынын өнүгүшүнө шарт түзүү.

Пикир

Оставить комментарий