Бишкек, 12.10.21./Кабар/. Ош шаарында китеп окуу сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.
Ош мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, сынак Ош шаарынын жаштар иштери тарабынан өткөрүлгөн. Биринчи орунду Баткен районунан Дилназ Маматова, экинчи орунду Ош облусунан Рахат Бактыбаева, үчүнчү орунду Айдаркен шаарынан Айжан Ражабали кызы, ал эми төртүнчү орунду Ноокат районунан Айпери Алтынбек кызы камсыздады.
Жеңүүчүлөрдү вице-мэр Венера Рыскулова кабыл алып, жакшы каалоо-тилектер менен Ош шаарынын мэриясы тарабынан бөлүнгөн акчалай сыйлыктарды жана китептерди тапшырды.
"Республикалык китеп окуу сынагы жаштардын интеллектуалдык деңгээлин өнүктүрүп, билимин жогорулатууга, китеп окуу маданиятын жайылтуу максатында, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети жана “Кенч” өнүктүрүү борбору тарабынан, “Салам алейкум, Индонезия” аттуу китептин негизинде уюштурулган. Ага Кыргызстан боюнча 2000ден ашуун китеп сүйүүчүлөр катышты, алардын 300гө жакыны Ош шаарынын жаштары", - деп айтылат билдирүүдө.
Пикир
Оставить комментарий