Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Ош шаарында Конфессиялар аралык кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, иш-чара Ош шаардык мэриясы жана президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте мамлекет башчысынын “2021-2026-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы тууралуу, “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө”, “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыктарын аткаруу алкагында, ошондой эле Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы, мамлекеттик тилдин кабыл алынгандыгына 35 жылдыгына карата уюштурулду.
Жыйында диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, конфессиялар жана улуттар аралык мамилелерди чыңдоо, радикалдык жана экстремисттик көрүнүштөргө каршы туруу, жаштардын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсүнө салым кошуу, ыксыз ысырапкорчулукка жол бербөө, мүрзөдөгү эстелик тургузууда ысырапкорчулукту болтурбоо боюнча талкуулар болду. Ошондой эле иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү, диний уюмдардын ичиндеги көрнөк-жарнактарды тартипке келтирүү маселелери боюнча баяндамалар жасалып, катышуучулар тарабынан сунуш-пикирлер берилди.
Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы кайрымдуулук, социалдык-гуманитардык маселелерди чечүү боюнча тыгыз кызматташтык мындан ары да ийгиликтүү уланаары айтылды.
Маалымат үчүн: Ош шаары жана Ош облусу боюнча Конфессиялар аралык кеңеш ДИМК тарабынан диний уюмдардын өз ара мамилелерин чыңдоо, мамлекеттик башкаруу органдары менен конфессиялардын ортосунда иштиктүү кызматташтыкты орнотуу максатында 2021-жылы түзүлгөн.
Пикир
Оставить комментарий