Ош шаарында күз-кыш мезгилине даярдык көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаевдин төрагалыгы астында 2024-2025-жылдарга кышкы жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдын жыйыны болуп өттү.

Жыйында даярдык иштеринин жүрүшү жөнүндө жылуулук жана электр камсыздоо ишканаларынын жетекчилери, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү маалымат беришти.

Тиешелүү кызматтарга жасалчу жумуштарды белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүткөрүү тапшырмасы коюлду.

Айрыкча, административдик-аймактык реформанын алкагында Ош шаарынын аймагына өткөн социалдык объекттерди кышкы жылытуу мезгилине даярдоого өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий