• 87
  • 90.63
  • 0.79

Ош шаарында майыптыгы бар балдарга майрамдык маанай тартууланды

Аймак 0

Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Бүгүн, 3-декабрь – Эл аралык майыптыгы бар жарандардын эл аралык күнүнө карата Ош шаарынла "Биз биргебиз" аталышындагы бир айлыктын алкагында Бабур театрында майыптыгы бар балдар үчүн маданий иш-чара өткөрүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов катышып, майыптыгы бар жарандардын, анын ичинен балдардын укугун жашоонун бардык тармактарында коргоого, аларга ар тараптуу жардам көрсөтүү маанилүү экенин белгилешти.

Иш-чаранын алкагында шаардык маданият башкармалыгы жана музыкалык бий топтору тарабынан балдар үчүн концерттик программа тартууланып, шаардык адистештирилген окуу жайларынан жана борборлорунан катышкан 400 баланын ар бирине белектер берилди.

Белгилей кетсек, Ош шаарында 2024-жылдын 1-ноябрына карата жалпы 9 299 майыптыгы бар жарандар бар, анын ичинен майыптыгы бар балдар 1 583тү түзөт.

Белгиленгендей, бир айлыктын алкагында шаарда жайгашкан мекеме-ишканалар майыптыгы бар жарандарды моралдык жана материалдык жактан колдоо багытында иш-чараларды өткөрүүнү улантышат.

Пикир

Оставить комментарий