• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бирдиктүү алдын алуу күнүндө милиция кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам беришти

Аймак 0


Бишкек, 31.12.20. /Кабар/. Бирдиктүү алдын алуу күнүндө милиция кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам беришти. Бул тууралуу Ош облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 30-декабрь күнү Ош облусундагы Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагында Укук бузуулардын бирдиктүү алдын алуу күнү өткөрүлдү.

Иш-чарага укук коргоо органдары менен биргеликте жергиликтүү бийлик органдарынын бардык тармагындагы өкүлдөрүнүн катышуусунда айылдагы көчөлөргө кыдырып, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, ошол эле учурда жардамга муктаждарга ар тараптуу жардам берилди.

"Жаңы жылга карата белектер таркатылды. Кечки убактарда кароосуз калган балдар боюнча да рейддер өткөрүлүп жатат. Бул иш-чара ар айдын акыркы жумасында өткөрүлүп келүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий