• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Эгемендүүлүккө 32 жыл. Жунушалиев Ош облусундагы даярдык иштери менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 08.07.23./Кабар/. Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев Кыргыз Республикасынын 31-август – Эгемендүүлүк күнүнүн 32 жылдыгын Ош облусунда белгилөөгө байланышкан даярдык иштери менен жеринде таанышты.

Көчмө жыйынга Эгемендүүлүк күнүн уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ош шаарынын мэри жана тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата бир катар инфраструктуралык объектилер реконструкцияланууда жана жаңы курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

Алсак, “Алымбек-Датка” этнографиялык комплекси, “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси оңдоп түзөөдөн өткөрүлүүдө. Мында 57 метр узундуктагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун орнотуу планы боюнча курулуш иштери жүрүүдө.

Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин айланасы реконструкцияланууда. Мында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Насирдин Исановдун туулган күнүнүн 80 жылдык мааракесине карата анын эстелигин тургузуу пландалууда.

Мындан тышкары, С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын айланасы, А. Суюмбаев атындагы Ош шаардык стадиону, ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн ат майданы оңдоп түзөөдөн өткөрүлүүдө.

Көчмө жыйынды жетектеген Айбек Жунушалиев Ош шаарынын борбордук аянтында өтүшү пландалган иш-чаралардын даярдыктары менен дагы таанышып, жыйынтыгында баардык иш-чараларга байланыштуу иштерди ыкчам жүргүзүүнү тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий