Ысык-Көлдө туристтик милиция кызматкерлери жараланган тоо текени сактап калышты

Аймак 0

Бишкек, 25.10.23. /Кабар/. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери Тоң районунун тоолуу аймагында жараланган тоо текени куткарып калышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-октябрда туристтик милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткан рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө аталган аймактан жарадар болгон тоо теке табылган.

"Кызматкерлер жаракат алган жаныбарга зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүү үчүн кечиктирилгис чараларды көрүшүп, калыбына келтирилгенден соң жаныбарды жапайы жаратылышты жана экосистемаларды сактоо менен активдүү алектенген "Германия жаратылышты коргоо Союзу (NABU)" коомдук бирикмесине өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери жаратылышты жана жаратылыш ресурстарын коргоо мыйзамдарын так сактоону талап кылып, ошондой эле браконьерлерди жана мүмкүн болгон мыйзам бузуучуларды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүүнү улантат.

Пикир

Оставить комментарий