• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Юстиция министрлигинин статс-катчысы Таш-Көмүрдөгү Юстиция үйүнүн курулушу менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 04.01.21. /Кабар/. Юстиция министрлигинин статс-катчысы Улугбек Календеров Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы Юстиция үйүнүн курулушу менен таанышты, - деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Календеров Жалал-Абад облусунун Юстиция башкармалыгынын жетекчилигине объектти өз убагында аяктоо жана аны пайдаланууга киргизүү боюнча контролду камсыз кылууну тапшырды.

Белгилей кетсек, юстиция органдарынын кызматкерлери тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө калкка ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, аймактарда Юстиция үйлөрүн куруу демилгеси Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Жаманкулов тарабынан көтөрүлүп, ишке ашырууга ыкчам аракеттер жүргүзүлгөн.

Эске салсак, юстиция үйлөрүн түзүү өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү максатында, ошондой эле соттук-укуктук реформанын алкагында жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий