• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 09.09.2024 /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер сыйланды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери менен өзгөчөлөнгөн, жигердүү эмгектенген мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер КР президентинин, министрлер кабинетинин алкышына татып, Жогорку Кеңешинин төрагасынын атынан Ардак грамоталар, ыраазычылык баракчалар, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин төш белгилери жана Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Сыйлыктарды Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин түштүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Саадат Туйгунова тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий