• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто биринчи жолу Gymkhana айдоо сынагы өттү

Аймак 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Күн мурун, 17-октябрда, алгачкы ирет Ош шаарынын борбордук аянтында фигуралык айдоонун дрифт элементтери камтылган унаалардын сынагы болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын ачылышына Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Масуда Айдарбекова катышып, мындай сынактарды өткөрүп туруунун зарылчылыгы бар экендигин белгиледи. Анткени унаа сүйүүчүлөрдүн жол эрежелерин сактоого, жолдо жоопкерчиликтүү болууга үндөйт деп кошумчалады.

Уюштуруучулардын бири, "Автомотоспорт жана жол коопсуздугун" федерациясынын өкүлү Султан Ибраимовдун айтымында, мелдешке профессионалдык деңгээлде айдаган 16 айдоочу катышып, унаасы менен бир да конусга тийгизбей белгиленген аянтты жогорку деңгээлде басып өткөндүгүн билдирди.

Иш-чара "Angar.kg" студиясы тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий