• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ош облусунун тургуну ДКОго катышуу үчүн велосипед менен жолго чыкты

Аймак 0

Бишкек, 06.08.22./Кабар/. Ош облусунун тургуну 75 жаштагы Мамыт Таштанов Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн велосипед менен жолго чыкты. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, аны сапарга узатуу иш-чарасына президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, маданият жана искусство ишмерлери, мэриянын кызматкерлери, тургундар катышты.

Таштановго президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан материалдык жардам көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, Мамыт Таштанов 6 мамлекет аркылуу өтөт: Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Азербайжан, Армения, Түркия. Иш-чаранын максаты - түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин достугун чыңдоо.

Пикир

Оставить комментарий