• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош: футбол академиясынын курулуш иштеринин 80%ы бүттү - Ош мэриясы

Аймак 0

Бишкек, 14-апрель /Кабар/. Бүгүн, 14-апрель Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаардагы бир топ социалдык курулуштарда жүрүп жаткан иштерди көрүп кайтты. Анда FIFAнын каржылоосу менен өткөн жылы курулуш иштери башталган футбол академиясын көрдү. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев жай мезгилинде академиянын курулушу аяктап, шаардыктарга тапшырыла тургандыгын билдирди.

“Футбол академиясынын курулушу аяктап жатат. Учурда 80% бүттү. Келечекте Кыргызстандан мыкты футболчулар чыгат деген ишеним чоң,”- деди А. Кадырбаев

Футбол Академиясына мэрия тарабынан 4,0 га жер аянты бөлүнүп, FIFAнын каржылоосу менен курулуш иштери жүрүп жатат.

ФФКРдин өкүлү Тимур Абдыллаевдин айтымында академияда баардык стандарттарга жооп берген төрт кичине жана эки чоң футболдук аянт бар. Футболдук академияда 60тан ашуун футболчуну тарбиялоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Учурда эки кичине футбол аянтчасы толугу менен бүтүп, администрация имаратынын айрым жерлери калган. Академия үстүбүздөгү жылдын жай айларында колдонууга берилет.

Пикир

Оставить комментарий