• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Ош шаарында мектептин 500 орундуу кошумча имараты курулууда

Аймак 0

Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. Ош шаарындагы N 27 партсъезд атындагы орто мектебине 500 орундуу кошумча имараттын курулушу жүрүп жатат.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, учурда курулуштун жалпы 40%га жакыны бүтүп калган. Жумуш кызуу жүрүүдө.

Белгиленген планга ылайык, имарат 1-сентябрга чейин пайдаланууга берилет. Курулуштун тендердик баасы 94,9 млн сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий