• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Ош шаарында мыйзамсыз акча алмаштырган 6 жаранга айып салынды

Экономика 0

Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Ош шаарында мыйзамсыз акча алмаштырган 6 жаранга айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына ылайык, лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош облустук башкармалыгы тарабынан С.Р.М., Т.Н.Н., Д.Х.З., Т.М.А., З.А.А., Ы.Э.А. аттуу 6 жарандын ар бирине 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Пикир

Оставить комментарий