• 87
  • 90.59
  • 0.86

Ош шаарында төрөлгөн үч эмдин ата-энесине 3 бөлмөлүү батир берилди

Аймак 0

Бишкек, 12.11.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 7-мартта Ош шаарында төрөлгөн 3 эмдин ата-энесине 500 миң сом акча жана 3 бөлмөлүү батир берилди.

Белектерди президент Садыр Жапаровдун атынан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырды.

"Бул сыйлыктар сиздердин үй бүлөңүздөр үчүн колдоо катары берилип жатат. Балдарыңыздар менен мындан ары да бактылуу болуп, кыйналбастан жашаңыздар. Мындан ары дагы көнүл буруп, колдоо көрсөтүп турабыз. Сиздер уул-кыздарыңыздарды жакшылап тарбиялап, Мекен үчүн кызмат кыла турган, патриот, билимдүү, адеп-ахлактуу кылып өстүрөсүздөр деп ишенем", - деди Камчыбек Ташиев.

3 эмдин атасы Гүлжигит Каримов Ош шаарындагы Жаза Аткаруу кызматында иштейт, апасы Айсана Султанова үй кожойкеси. Алардын жалпы 7 баласы бар. 3 эмдин экөөсү уул, бири кыз бала. Шаарда кичинекей, жашоо шарты жок болгон тамда турушканын айтышат. Берилген белектер үчүн өлкө башчысына жана генерал-полковник Камчыбек Ташиевге ыраазычылыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий