• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарындагы мыйзамсыз курулуштарды алып салуу боюнча иштер уланууда

Аймак 0

Бишкек, 20.11.19. /Кабар/. Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды алып салуу боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, Ош шаарынын Салиев көчөсүнүн №20, 22 – көп кабаттуу үйлөрдүн айланасында башаламан, мыйзамсыз коюлган 17 гараж алынып салынды. Мындан тышкары Р.Абдыкадыров көчөсүнүн №199, 197 көп кабаттуу үйлөрүнүн алдындагы 5 гараж алынды.

Белгилей кетсек, Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий