• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Ош шаарында "Түштүк-Экспо-2024" эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 27.09.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында "Түштүк Экспо–2024" 8-Эл аралык көп тармактуу көргөзмө-жарманкенин салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, президенттин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, КР Соода өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев катышты.

"Түштүк-Экспо-2024" эл аралык көргөзмө-жарманкесинде сөз сүйлөгөн облус башчысы Тилек Текебаев, саамалык аймактагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн келечектүү аянтчалардын бири экенин белгиледи.

"Жыл сайын өтүүчү бул иш чарага Жалал-Абад облусу активдүү катышып, аймакта өндүрүлгөн продукцияларын тартуулап келет. Бүгүн да Майлуу-Суу электр лампа заводу, Жалал-Абад шаарындагы “Келечек” ишканасы, кол өнөрчүлөрүбүздүн эмгектери көргөзмөгө коюлду. Бул биздин ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоо, алардын ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүү болуп саналат", – деди ыйгарым укуктуу өкүл.

Пикир

Оставить комментарий