• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Ош облусунда милиция элдик кошуундар менен бирге коомдук тартипти көзөмөлдөөдө

Аймак 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. Ош облусунун аймагындагы райондук ички иштер бөлүмдөрү коомчулуктун өкүлдөрү менен биргеликте коомдук тартипти көзөмөлдөөдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери кылмыштуулук менен күрөшүү, коомдук тартипти камсыз кылууда күчөтүлгөн режимде иш алып барышууда.

"Өлкөбүздөгү саясий окуялардан соң айрым жерлерде белгисиз жарандардын тобу райондук администрация, соода түйүндөрүнө барып, мыйзамсыз аракеттерди жасоого аракеттер болуп жатат. Мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу, жарандардын укуктарынын тебеленишине жол бербөө жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында ыктыярдуу элдик кошуундар менен ички иштер органдары биргеликте иш алып барышууда", - деп билдирет облустук милиция.

7-октябрь күнү Ош облусунун Алай, Араван, Ноокат, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Өзгөн, Чоң-Алай райондорунда коомчулуктун өкүлдөрү райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте иш ордуна бөлүштүрүү нускамасы өткөрүлгөн.

"Элдик кошуундар менен милиция кызматкерлери 24 саат бою коомдук тартипти биргеликте камсыз кылышат. Мыйзамдын сакталышына кайдыгер болбостон жарандык милдеттерин аткарып жаткан жарандарыбызга ыраазычылык билдиребиз. Эгерде мыйзам бузууларга аракеттер болсо жакынкы ички иштер бөлүмүнө кабарлап коюңуздарды суранабыз", - деп билдирет облустук милиция.

Пикир

Оставить комментарий