Ош шаарында такси кызматы кайрымдуулук акциясын баштады

Аймак 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. Ош шаарында такси кызматы кайрымдуулук акциясын баштады.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүн, 25-январда Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов “Жорго такси” кызматы компаниясынын Ош шаарындагы өкүлү Улан Турдукулов менен биргеликте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын жакындары менен жолугушту.

Жолугушуунун максаты аталган компания тарабынан кезектеги кайрымдуулук акция боюнча маалымат берүү.

Аталган такси кызматы компаниясынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү 15 жаранга 50% жеңилдетилген тарифте кызмат көрсөтүү боюнча күбөлүк тапшырышты. Ошондой эле белектер берилди.

Буга чейин Ош шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери үчүн 100% бекер такси кызматын көрсөтүү боюнча акцияларды өткөрүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий