Ош шаарында таштанды иргөөчү үчүнчү аянтча пайда болот

Аймак 0

Бишкек, 20.06.23. /Кабар/. Ош шаарында таштанды иргөөчү үчүнчү аянтча пайда болот. Ал Алай көчөсүндө орнотулмакчы. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Оштун мэри Бакытбек Жетигенов жолду реконструкциялоо жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүп жаткан Алай көчөсүнө барды.

Жумуш алкагында аталган көчөдө таштандыларды ылгоочу контейнерлерди орнотуу жана аянтчасын куруу тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий