• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кеминде жаңы жыл күнү милицияга коопсуздукту камсыздоого элдик кошуундар жардамдашат

Аймак 0

Бишкек. 28.12.22.Кабар/. Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы 29-декабрдан 2023-жылдын 1-январына чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлөт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

Белгилей келсек, 27-декабрда Кемин райондук милициясынын өздүк курамынын даярдыгын текшерүү максатында саптык кароо болуп өттү.

Саптык кароого милиция кызматкерлеринен сырткары ыктыярдуу элдик кошуундар катышты.

Кемин РИИБдин начальниги Эрлан Исмаилов сапка тизилген милиция кызматкерлерине кайрылып, алдыда боло турган жаңы жылдык майрамда кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактап, жарандарга сылык жана маданияттуу мамиле жасоолорун, кайрылган жарандарга ыкчам аракеттерди көрүүнү тапшырды. Андан соң саптык кароого тизилген милиция кызматкерлеринин сырткы көрүнүшү, кызматтык документтери текшерилди.

Жаңы жыл майрамын белгилөө иш-чарасына байланыштуу милиция кызматкерлерине коомдук коопсуздукту камсыздоого ыктыярдуу элдик кошуундар жардамдашат.

Пикир

Оставить комментарий