Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивтеринен башка аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Билдирүүгө караганда, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогорулагандыгына байланыштуу суу берүү токтотулду.
Таза суу берүү канчага чейин токтогону тууралуу маалымат берилген эмес.
Байланыш телефондору: 105, 8-11-15, 8-11-51, 0553 200 105.
Пикир
Оставить комментарий