Ош шаарында таза суу берүү убактылуу токтотулду

Аймак 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Ош шаарында таза суу берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, нөшөрлүү жаандан кийин Даңги тараптагы жылгалардан сел жүрүп, Ак-Буура дарыясынын суусу ылайланган. Суу тунгандан кийин гана ичүүчү суу берилет.

Ош суу чарба ишканасы жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат

Пикир

Оставить комментарий