Ош шаарында туристтер үчүн “Босого" борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Ош шаарында туристтер үчүн "Босого" маалымат борбору ачылды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан кабарлашты.

Борборго кайрылган туристтер:

  • кайсы жерлерге баруу керектиги;
  • мейманканалар;
  • гиддер жана логистикалык компаниялар;
  • даамдуу тамактануучу жайлар;
  • сим-карта алуу;
  • зарыл болгон учурда документтерди кантип түзүү керектиги тууралуу маалыматтарды ала алышат.

Белгилей кетсек, ушундай эле маалымат үстөлдөрү Бишкектеги Улуттук тарых музейинде жана "Манас" эл аралык аэропортунда ийгиликтүү иштеп келет.

Пикир

Оставить комментарий