• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ош шаарында унаа салыктары чогултулуп жатат

Аймак 0

Бишкек, 18.08.18. /Кабар/. Кечээ, 16-август Ош шаарынын мэриясы, Ош шаардык салык кызматы, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы менен биргеликте унаа салыктарын жыйноо максатында рейд уюштурулду. Бул иш-чара август айынын аягына чейин улантылат.

Белгилей кетсек, Өкмөткө караштуу мамлекеттик салык кызматынын 2018-жылдын 30-июлундагы №12 буйругунун негизинде “Милдеттүү патенттин негизинде салыктын келип түшүүсүн көбөйтөбүз” деген аталышта жарыяланган бир айлыктын алкагында шаардагы милдеттүү патенттин негизинде иштеген чарбалык субьекттерге рейддик контролдоо иштери 2018-жылдын 6-августунан башталган. Бул мезгилинде салык мыйзамдарын бузуп, салыктарды толук төлөбөй жашырып жүргөн жана өз мөөнөтүндө салык төлөбөгөн ишкерлерге түшүндүрүү иштери салык кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, айрымдарына атайын акт түзүлүүдө.

Айта кетсек, Жергиликтүү бюджетке 2018-жылдын январь-июль айында салыктык жана салык эмес кирешелер боюнча (атайын каражаттарды кошпогондо) 493,7 млн. сом өлчөмүндө план жеткирилсе, иш жүзүндө 512,1 млн. сом жыйналган, же план 103,7 пайызга аткарылып, пландагыдан 18,4 млн. сом ашыкча каражат жыйналса, ал эми 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 121 млн. сомго, же 31 пайызга көп салык чогултулган.

Пикир

Оставить комментарий