• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Ош шаарында Карылардын эл аралык күнү белгиленип жатат

Аймак 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-октябрь — Карылардын эл аралык күнүнө карата Ош шаардык мэриясынын, шаардык мекеме ишканалардын кызматкерлери, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери менен биргеликте 100 жылдан ашык өмүр сүрүп жаткан карылардан кабар алып, майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, вице-мэр Венера Рыскулова шаардагы "Боорукердик" үй интернатында жашаган карыларга урмат-сый көрсөтүп, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан куттуктоо сөздөрүн жеткирди.

Вице-мэр карыялардын айткан кеңеши менен берген батасы мамлекеттеги туруктуулуктун, бакубат жашоонун өбөлгөсү экенин белгилеп, аларга Ош шаарынын мэриясынын белектерин тапшырды.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун демилгеси менен шаарда жалгыз бой, кароосуз калган улгайган адамдарга материалдык жардам катары 150 миң сом акча каражаты бөлүндү.

Айта кетсек, Ош шаарында Карылардын эл аралык күнүнө карата бир айлык жарыяланган. Анын алкагында улгайгандардан кабар алып, акчалай жана баалуу белектер тапшырылды.

Ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен социалдык өнүгүү башкармалыгында 15-сентябрдан 15-октябрга чейин “Ачык эшиктер” акциясы уюштурулат. Анда шаардагы баардык кары-картандарга ар тараптуу маалыматтар берилип, колдоо көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий