• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто палоо фестивалы өттү – Фоторепортаж

Аймак 0

Ош, 17.06.19 /Кабар/. Кечээ, Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук Драма театрынын алдында алгачкы палоо фестивалы болуп өтүү.

Бул иш-чаранын максаты Кыргызстанда күрүч эккен Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы палоону даярдоонун салттары жана өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруу болгон.

Фестивалга 200дөн ашуун адам келип, иш-чаранын негизги катышуучулары Өзгөн, Ноокат, Араван, Кара-Суу райондору, Ош шаары жана Ош облусунун жашоочулары болгон.

Кыргызстандын түштүк облустарында палоону даярдоонун өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар жана ага күрүчтүн ар кандай түрү колдонулат.

Иш-чаранын жүрүшүндө, коноктор палоону даярдоонун ар кандай ыкмалары менен таанышып, анын ар кайсы түрүнүн даамын татып көрө алышты.

“Биз бул иш-чарага капысынан келип калдык. Фестивалдан улуттук тамак аштын даярдалышын биз өз көзүбүз менен көрө алдык”, - дейт Австриядан келген Вики Мартин.

“Эң даамдуу палоо” номинациясында Ош, кызыл-Кыя жана Өзгөн шаарынан келген катышуучулар мыкты деп табылган.

Фестивалдын жүрүшүндө аймактын мыкты ашпозчулары мастер-класстарды өтүп, тамак аш даярдоонун сырлары менен бөлүштү. Андан тышкары, күрүчтүн ар түрдүү сортторунун өзгөчөлүктөрү жана анын кыргыз экономикасына кошкон салымы тууралуу маалымат берилди.

Пикир

Оставить комментарий