• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында тил эрежелери сакталбаган көрнөк-жарнактар алынууда

Аймак 0

Бишкек, 23.06.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында мамлекеттик тил эрежелери сакталбаган, кыргыз тилинде туура эмес жазылган көрнөк-жарнактардан арылуу максатында рейд уюштурулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө эскилиги жеткен жана тил эрежелерин сактабаган көрнөк-жарнактар жеринде алынып, бир катар соода түйүндөрүнүн, ашканалардын ээлерине эскертүүлөр берилди.

Рейдге шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, тийиштүү мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты.

Эскерте кетсек, мындай рейддер байма-бай уюштурулуп келет. Шаарда бул багыттагы иш-аркеттер алдыда дагы улантылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий