• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ош шаарында ундун баасы боюнча түшүндүрүү жана мониторинг иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 24.09.23. /Кабар/. Ош шаарында ундун баасы боюнча түшүндүрүү жана мониторинг иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын маалыматына ылайык, учурда унга болгон баа туруктуу.

Алсак, жергиликтүү өндүрүштөгү 1-сорттогу бир кап ундун баасы 1450 сом, импорттук 1-сорттогу ун 1725 сом, ал эми эң жогорку сорттогу ундун баасы 1875 сомдон сатылууда. Сырттан келген ундун баасынын өсүүсү чет элдик ун чыгаруучу ишканалардагы баанын жогорулашына байланыштуу.

Мамлекеттик мат резервте, жергиликтүү ун өндүрүүчү ишканаларда жана соода түйүндөрдүн кампаларында буудай, ун, күн карама майы жана кум шекердин кору жетиштүү.

Учурда Ош шаарына дагы 35 вагон буудай алынып келинүүдө.

Ун азыктарына болгон бааны жеринде көзөмөлдөө максатында Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү кызматкерлери, салык кызматы, монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин өкүлдөрү биргеликте соодагерлер жана ун өндүрүүчүлөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Унга болгон баа тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий