• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Ош шаарында уулуу зат сатууга аракет кылган топ кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.01.25. /Кабар/. Ош шаарында уулуу зат сатууга аракет кылган топ кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан 18-январда Кыргызстан жана Өзбекстандын жарандарынан (ӨР жараны Б.Б.А. жана КР жарандары: М.С.Х., М.С.Х., С.У.К.) түзүлгөн трансулуттук кылмыштуу топ Ош шаарындагы кафелердин биринде Кыргызстанга аткезчилик жол менен алынып келинген 0,5 кг күчтүү жана уулуу сымапты 1 граммын 4000 АКШ долларына сатуу аракетинде кармалган. Кармалган жарандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренесинин 2-пунктунун 2-бөлүгүнүн ("Сатуу максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү") негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган кылмыштуу топко тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий