• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Ош шаарында жаңы мектеп ачылды

Аймак 0

Бишкек, 05.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы жаңы орто мектептин ачылышына катышты.

Акылбек Жапаров аталган мектепти куруу иштери мындан тогуз жыл мурда башталып, бирок каражаттын тартыштыгынан ортодо курулушу жылдап токтоп турганын белгилеп, бул сыяктуу "чала жан" акыбалда калган мектептердин курулушу учурда чекесинен бүтүп жатканын билдирди.

"Ошентип биз ачып жаткан мектепке республикалык бюджеттен жалпысынан 37 миллион сомдон ашуун каражат бөлүндү да бүгүнкү күндө мектеп даяр болду. Бул мектептин курулушуна республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын жалпы суммасы 45,9 миллион сомду түздү", - Акылбек Жапаров.

Ошондой эле ал, бул 275 орундуу жана заманбап спорт зал менен камсыздалгаг мектепте, балдардын билим алып, спорт менен машыгуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн билдирип, азыркы жаштардын окууга, билимге, мугалимдерге болгон мамилесине өзгөчө көңүл бурду.

"Сиздерге кайрылып, сиздер кайрадан элибиздеги илим менен билимге умтулууну калыбына келтирип, мугалимдин кадыр-баркын жогорулатууга көмөк көрсөтүүңүздөрдү суранам. Илим менен билимге ыйык мамиле зарыл болуп жатат. Биз жаштарга кайрылып, сен мекенчил болсоң өз элиң, жериң, мекениң үчүн кылган жакшылыгың сенин окуудагы ийгилигиң деп айтышыбыз керек", - деп сөзүн жыйынтыктады минкаб төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий