• 87
  • 91.29
  • 0.84

Ош шаарында “Жаш аракетчил” бош орундардын жарманкеси өттү

Аймак 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 29-апрелде, Токтогул Сатылганов атындагы сейил багында “Жаш аракетчил” деп аталган бош жумуш орундардын жарманкеси болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мэриянын билдирүүсүнө караганда, аны “Юз оф Ош” коомдук бирикмеси Ош шаарынын мэриясы, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция башкармалыгы жана “Аракетчил” долбоору менен биргеликте уюштурган.

Жарманкенин ачылышына Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, “Юз оф Оштун” өкүлдөрү, шаардык эмгек, социалдык коргоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Куттубек Абдуллаев катышты.

Иш-чаранын алкагында иш берүүчүлөр бош орундарды, ошондой эле мектеп бүтүрүүчүлөрү жана жаштар үчүн стажировкадан өтүү, волонтердук жана карьералык мүмкүнчүлүктөрдү сунушташты. Каалоочулар үчүн ишке орношуу боюнча кесиптик кеңештер да уюштурулду. Катышуучулар ишканалардын өкүлдөрү менен түз баарлашып, суроолорун берип, кенен тааныша алышты.

Пикир

Оставить комментарий