• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында 120 орундуу бала бакча курулууда

Аймак 0

Бишкек, 26.10.23./Кабар/. Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында А.Шадыбеков атындагы бала бакчанын 120 орундуу типтүү жаңы имаратынын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала бакчаны курууга мамлекеттен жалпы 73 млн сом каралган. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталган курулуш 2024-жылы октябрь айында бүтүп, пайдаланууга берилээри пландалууда.

Район акиминин орун басары Ж.Жантелиева, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Орозбамбет Солтобаев менен бирге курулуш иштери жүрүп жаткан билим берүү тармагындагы социалдык объекттилерди жеринен барып көрүштү.

Бала бакчанын эски имараты 2010-жылы ишке берилген. Ал имарат тар болгондуктан 90 бала гана тарбияланып келет. Алдыда дагы кезекте 70 тен ашык бала бар. Жаңы салынып жаткан бул имарат ишке берилсе, кезекте турган балдар кирип, дагы кошумча жумуш орундары түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий